Акыркы макалалар

Редактордун колонкасы: Өткөн жылга саресеп

Редактордун колонкасы: Өткөн жылга саресеп

2012-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин бардыгы республикалык бюджетке өтпөдүбү. Алардын шары менен «Ат-Башы жаңылыктары» газетасынын редакциясы да республикалык бюджетке карап калды… Бирок, жылдын башында райондук финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары экөөбүз финансы министрлигине барып, тизмеден «Ат-Башы жаңылыктарын» таптыра албай коюп, тизмеге киргиздирдик. Негизи бул жерде күнөө кимде билбейм, тизмеге бүткүл республика боюнча райондук гезиттер кирип, жалгыз Ат-Башы районунун гезити кирбей калганына таң каласың. Мында айрым чиновниктердин көрө албастыгы «ойноп кеттиби» же чын эле көңүл сыртында калдыкпы, бир Кудай гана күбө.

Биринчи тизмеге киргендер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 3-февралда чыкты. Ал эми бизге окшоп унутта калып (редакциядан башка мекемелер) тизмеге кирбей калгандар топтоштурулуп, Өкмөт тарабынан 13-июлда араң кол коюлду. Август айында барып, финансы министрлигинен бөлүнгөн акча каражатын каржылап берүүсүн өтүнсөм, ал жерден маданият жана туризм министрлигине «тебишти». Эки министрликтин ортосунда эки күнү жүрдүм «футбол тобу» болуп. Акыры маселени маданият жана туризм министрлиги чечмей болду. Ошентип, тогуз ай бир тыйын маяна албай, бирок газетанын бир санын калтырбай чыгарып келдим…

… Ооба. Газетанын бир саны да чыкпай калган жок. «Ат-Башы жаңылыктары» газетасына жазылуудан түшкөн каражатка чыгарылып турду. Бул жерден газетага жазылышып, газетага жазылуунун акчаларын өз убагында төлөп беришкен мекеме, ишканалардын, айыл округдардын, мектептердин жетекчилерине терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Газетанын маанисин терең түшүнүшүп, анын ролуна баа беришкен райондук сугат тармактар ишканасынын начальниги З.Исакуновго (50 даана газетага жазылышкан), райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Н.Алиевге (45 даана), тармактык оорукананын башкы дарыгери А. Мырзабековго (40 даана), райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы И.Үсөналиевге (33 даана), электр тармактар ишканасынын начальниги А. Алиевге (30 даана), Н.Үсөналиев атындагы мектептин директору А.Эшмамбетовго, К.Карпеков атындагы мектептин директору А. Иманкуловго, Боогачы атындагы орто мектебинин директору А.Түлөбаевге (45тен даана) ракмат айтуу менен бекем ден соолук, иштериндеги ийгиликтерди каалаймын.

2011-жылы райондук газетаны жаздыруу жана таратуу боюнча «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын райондук бөлүмү менен келишим түзүлгөн. Газетага жаздырган кыздарды тоготушпадыбы, же райондук мамлекеттик администрациясынын газетага жаздыруу боюнча көрсөтмөлөрүн аткаруудан моюн толгоштубу, айтор бир катар мекеме, ишканалар, мектептер аз жазылышкан эле, тактап айтканда, газетанын тиражы 800 даанадан бир аз эле ашкан.

Азыркы учурда күн санап жаңы технологиялар турмушубузга кирип, радио, телевидение, интернет ар бир айылга жеткен. Ошондой болсо да районубуздун турмушун камтыган, жаңылыктын жарчысы болгон райондук газетанын маани-маңызын, ролун терең түшүндүрүүдөн улам газетанын тиражы үстүбүздөгү жылы 1350гө жетти. Ар бир мекеме, ишканага баш багып, жетекчилер менен бетме-бет сүйлөшүү, ийри олтуруп түз кеңешүү өз жемишин берди. Газетага жазылуунун төлөмдөрүн көпчүлүк мекемелер убагында берүүнүн натыйжасында «Ат-Башы жаңылыктары» убагында чыгып турду. Ошондой болсо Ж.Кайыпов атындагы мектеп (директору Э.Сатыбалдиев) бүгүнкү күнгө чейин бир тыйын төккөн жок. Ушундай жоопкерчилиги жок жетекчилердин шалаакылыгынан айрым учурда газетанын чыкпай калуу коркунучу да болду. Мындай учурда колунда бар адамдардан карызга акча алып, кээде пенсиянын эсебинен газета чыгарууга туура келди.

«Саргара жортсоң, кызара бөртөөрсүң» дейт элибизде. Баягы үстү-үстүнө үйүлгөн көйгөйлөр, «ай, ушундан көрө!» деп кол шилтеп, басып кеткенге чейин жеткирген кыйынчылыктар артта калып, «биздин алаканга да карга чычып», күндүн шооласы бизге да тийип, «итибиз чөп жей» турган мезгилге жеттик. Бир ноутбукту кучактап, ар кимден чогулткан стол, стулда олтуруп, ай сайын окурманга жакшыбы, жаманбы сегиз бет газетаны тартуулап, баштык көтөрүп гезит таратып, беш-алты кызматкердин милдетин (редактор, кабарчы, корректор, бухгалтер, фотокабарчы ж.б) бир аткарып келген күндөр артта калды. Көрсө, «жакшы адам жаныңда» дегендей, сенин көйгөйүңдү түшүнгөн, адилеттүү, акылгөй адамдар да бар экен ( «Жок» деп алакан жайган чиновниктерди көрүп, мен жакшылыктан түңүлө баштаган элем).

-Ой, жарыктык десе гезитти жалгыз кантип чыгарып жатасыз, мен кызматкерлериме тапшырма берип көрөйүнчү, каражат караштырып көрүшсүн. Эгер резервибиз бар болсо Сизге штат ачып берүүгө жардам кылайын,- деп калды министрликтеги бир жакшы адам менин көйгөйлөрүмдү уккандан кийин. Кудай жалгап резерв да табылды. Табылганда да эки кабарчылык, жарым штат бухгалтерлик кызматка табылды. Эми буюрса жаңы жылдын алдынан баштап, газета мазмундуу, кызыктуу чыгат деген ишенич бар. Анткени, «бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» деп коёт эмеспи. Газетаны беттөө (версткалоо) жаңы жылдан баштап редакциянын өзүндө жүргүзүлө баштайт. Ошентип, уучубуз узарып, кыйырыбыз кеңейип турган чагыбыз.

Үстүбүздөгү жылдагы дагы бир жагымдуу окуя «Ат-Башы жаңылыктары» газетасынын Кыргызстан «Журналисттер» коомдук бирикмесинин интернеттеги dem.kg сайтына кириши болду. Октябрь айынан тартып газетага жарыяланган кызыктуу деген материалдар сайтка жайгаштырыла баштады. Бул жерден сыймыктанчу нерсе облустагы райондук гезиттердин ичинен сайтка кирген жалгыз гезит. Сайтка жайгаштырылган материалдарды дүйнөнүн бардык элдери үч тилде: кыргыз, орус, англис тилдеринде тааныша алышат.

«Ат-Башы жаңылыктары» газетасынын ээси Ат-Башы райондук Кеңеши болчу. Райондук Кеңеш жоюлуп жаткандыгына байланыштуу гезит райондук мамлекеттик администрациясынын гезити болуп кайрадан каттоодон өтмөкчү. Гезит ээси чакан жамаатты «тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай» көйгөйлөрүн убагында чечип, олтура турган олтургучун, кире турган кабинетин дайындап берет деген ишеничтебиз. Төрт тарабың төп болуп, иштөө шартың ыңгайлуу, жылуу болсо билек түрүнүп, шымалана иштөөгө не жетсин. Иштеген колдон келет. Окурмандар менен тыгыз байланышта иштесек, биз көрбөй, укпай калган айылдагы, мекемедеги, мектептеги ийгиликтерди, кемчиликтерди, көйгөйлөрдү кабарлап турсаңыз, гезит албетте, кызыктуу да, мазмундуу да чыгат. Кезинде пролетариаттын жол башчыларынын бири В.Ленин: «Газета - коллективдүү агитатор, пропагандист гана эмес, коллективдүү уюштуруучу да болуп саналат» деп айткан. Бул сөздүн мааниси азыр да жоголо элек. Төртүнчү бийлик аталган мезгилдүү басма сөз элет жериндеги калктын турмушун, жашоосун, келечегин, аны менен кошо көйгөйүн бийлик төбөлдөрүнө жеткирүүдө көпүрө болуп бермекчи.

Сөзүмдүн акырында «Ат-Башы жаңылыктары» газетасынын окурмандарын, жалпы эле районубуздун калкын кирип келген жаңы жылы-жылан жылы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктап, жаңы жылда жаңы өнүгүүлөрдү, жаңы бакытты, бекем ден соолукту, асманыбыздын ачык болушун каалап кетмекчимин. Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу замандаштар!

«Ат-Башы жаңылыктары» газетасынын редактору М.Козубеков

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...