Акыркы макалалар

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мызамдын максаты жарандардын адилеттүү сотко карата укуктарын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекстин айрым жоболорун өркүндөтүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу боюнча Мыйзамда тергөөчү жазык ишин козгоодон баш тартканда, даттануунун тартибин түшүндүрүү менен токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз берүүчүгө жиберүүгө милдеттендирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...