Акыркы макалалар

Бишкекте журналисттердин эл аралык фотокөргөзмөсү башталды

Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде World Press Photo-2014 аталышындагы фотокөргөзмө ачылат. Ага дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттердин эмгектери коюлат. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөдө 2014-жылдын февраль айында Амстердамда аталган сынактын финалында мыкты деп тандалган 140 фото көргөзүлөт.

World Press Photo – эл аралык сынак. Анда дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттер тарткан сүрөттөрдүн мыктылары аныкталат. Жылына абройлуу фотограф жана фоторедакторлордон түзүлгөн калыстар тобу келип түшкөн сүрөттөрдү тогуз категория боюнча сындан өткөрүшөт.

Өткөн жылы сынакка 124 мамлекеттен 5666 автордун 103 миң фотосүрөтү жиберилген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...