Акыркы макалалар

Февралда электр энергиясына болгон баа төмөндөйт

Электр энергиясына болгон баа ушул жылдын февраль айынан баштап төмөндөйт. Муну өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Казакстандан алынып жаткан импорттун көлөмү азайтылгандыгына байланыштуу баа төмөндөйт. Маалым болгондой, калк электр энергиясын 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланса, 182 тыйындан төлөйт. Ал эми 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор үчүн жаңы тарифтер иштелип чыкканча 70 тыйындан төлөшөт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...