Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө жыл ичинде өрт кырсыгынан 13 млн сомдук зыян келтирилген

Облуста 2012-жыл ичинде жалпы 357 өрт кырсыгы катталып, андан 7 адам каза тапкан. Өрт кырсыгында келтирилген материалдык чыгым жалпысынан 13 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусттук өрткө каршы кызматынын улук инспектору Бекжан Жексембиев билдирди.

Маалыматта өрттүн чыгуу себептери өрт коопсуздугунун, электр жабдууларын пайдалануунун эрежелерин бузуп, балдарга мыйзамсыз ширенке менен ойноого мүмкүндүк берүү жана башкалар себепкер болгон. 2012-жылы электр жабдууларын пайдалануунун эрежелерин бузуунун натыйжасында Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл райондорунда мектептен өрт чыгып балдардын окуусу үзгүлтүккө учураган.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...