Акыркы макалалар

Кичи футбол боюнча “Наристе-2015” кубогунун мелдештери бүгүн аяктайт

Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти. 3-январда Бишкекте башталган оюндарга Кыргызстан жана Казакстандан 46 команда катышты. Байгелер төрт топто ойнотулууда.

Финалдык таймаштар бүгүн түштөн кийин саат 14:00до башталат.

Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери арасындагы финалда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Мамлекеттик салык кызматынын командалары беттешет. 35 жаштан жогорку курактагы ардагерлер арасында «Алга-Фарватер» (Казакстан) менен «Налоговик» (Кыргызстан) командалары ойнойт. 45 жаштан жогоркулар арасында «Мегаком» менен «Азия Данко» биринчи орун үчүн ат салышат. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында жеңүүчү 5-январда эле белгилүү болгон. Алтын байгени Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын оюнчулары жеңишкен.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Кожомкул атындагы спорт ордосунда бүгүн саат 17:00до болот.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...