Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө карагайларды мыйзамсыз түрдө кыйгандарга чара көрүлөт

Ысык-Көлдө район аралык мамтехникалык инспексиясы жума башынан бери токой чарбачылык боюнча рейд жүргүзгөн. Жети-Өгүз районунда жүргүзүлгөн көзөмөлдө мыйзамсыз кыйылган 20 куб карагай кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл район аралык мамтехникалык инспекциясынын башкармалыгынын башчысы Акылбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында рейддик топ аталган райондогу айыл ичиндеги карагай тигүүчү ишканаларды да текшерип көрүшкөн: “Иштин жүрүшүндө Кичи-Жаргылчак айылынын карагай тилдирүүчү жайында уруксаат балкасынын белгиси жок 7 куб карагай болгону аныкталды. Бул ишкананын жумучулары карагайларды ким алып келгенин сураганда «билбейм»- деген жоопту айтышкан. Аталган иш боюнча акты түзүлүп тиешелүү органдарга жиберилди. Негизинен мыйзамсыз түрдө карагайлары кыюу облуста 90%ды тузүүдө”-дейт А.Жаныбеков.

Мындан тышкары Ак-Суу районунун Бозучук айылында 3,5 куб карагай жүктөлгөн ГАЗ -66 жүк ташуучу авто унаасы кармалган. Айдоочуну текшере келгенде анын улуксаат документи жок болуп чыккандыгын кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...