Акыркы макалалар

Ажылыкка барууга жардам берүүгө жалган убада берип алдаган жаран кармалды


Ош ШИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын тургуну, убактылуу жумушсуз жүргөн 47 жаштагы Я.Х.ны алдамчылык менен алектенген деген шек менен кармашкан. Бул тууралуу Ош ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул боюнча Ош ШИИБне 5 арыз келип түшкөн. Я.Х. адамдарга Сауд Аравияга ажылыкка барууга жардам берем деп, ар биринен 2 500 доллардан чогултуп, жыйынтыгында 12 500 долларга ээ болгон.

Азыркы убакта ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурат. Буга чейин ал КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине ылайык 4 жолу соттолгон.

Тергөө иштеринде бул жарандан Ош шаарында жана облуста жабыр тарткан адамдардын мындан да көп болуусу мүмкүн экени болжолдонууда жана андан жабыр тарткан жарандар болсо Ош ШИИБнин 10-бөлүмүнө кайрылуусун же болбосо 0701-41-55-00, 0552-85-80-70 номурларына чалып кабарлап коюусун өтүнөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...