Акыркы макалалар

"Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулушу талкууланды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,6-январда "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын генералдык директору Аргынбек Малабаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушуунун алкагында Атамбаев менен Малабаев "Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулушунун ар кыл долбоорлорун талкуулашты. Мамлекет башчысы бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай эл республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...