Акыркы макалалар

Январь айында Кыргызстандын кээ бир аймактарында катуу суук болот

Январь айында Кыргызстандын кээ бир аймактарында катуу суук болот

Кыргызстанда январь айында орточо айлык температура салыштырмалуу суук болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Чүй областы:

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан - 1…3 градуска төмөн болушу күтүлөт жана орточо температура -4…-6 болот. Бир айда абанын жылуулугу Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градустан -15…-20, түндүк жагында -25 градуска чейин суук болот. Күндүз -3…-8 градус сууктан 0…5 градуска чейин жылуу аба ырайы күтүлөт. Бир айлык жаан-чачындын көлөмү 25-28 мм түзүп, нормага ылайык болмокчу.

Талас областы:

Айдын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -5…-7 градус суук болушу күтүлүүдө. Бир айдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустан -12…-17 градуска чейин суук болот. Кара-Буура районда түнкүсүн суук -17…-22 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз бир ай аралыгында 3…-8 градус аяз болуп, айрым күндөрү 1…6 градус жылуулуктун болушу күтүлүп жатат. Жаан-чачын көлөмү 16-18 мм түзөт.

Ош жана Жалал-Абад областары:

Орточо айлык температура климаттык нормага жакын болот жана сууктун күчү -2…-4 градусту түзөт. Бир айдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, тоолуу аймактарда -5…-10, күндүз 0…-5 суук жана айрым күндөрү 5…10 жылуу болмокчу. Жаан-чачындын бир айлык өлчөмү 16-49 мм, тоолуу аймактарда 23-78 мм болот.

Баткен областы:

Орточо айлык температура климаттык нормага жакын болот жана сууктун күчү -2…-4 градуска жетиши күтүлүүдө. Бир айдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан 0…-5 суук болуп, күндүз 0…-5 суук жана айрым күндөрү 5…10 жылуу болмокчу. Жаан-чачындын бир айлык өлчөмү нормадан аз болуп 15-30 мм түзөт.

Ысык-Көл областы:

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөн болушу күтүлөт жана орточо температура -6…-8 градусту түзөт. Бир айдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -5…-10, чыгышта -8…-13, күндүз -3 суук жана айрым күндөрү 2 градуска чейин жылуу болмокчу. Жаан-чачындын бир айлык өлчөмү 1-9 мм, чыгышта 16-20 мм түзөт.

Нарын областы:

Орточо айлык температура климаттык нормага жакын болот жана сууктун күчү -10…-15 градусту түзөт. Бир айдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн-13…-18 градустан -20…-25 градуска чейин суук болуп, күндүзгү суук -2…-7 градустан -8…-13 градуска чейин жетет. Жаан-чачындын бир айлык өлчөмү 1-9 мм түзөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...