Акыркы макалалар

"Курманжан датка" тасмасы Америкада көрсөтүлүүдө

Түндүк Кипрде "Курманжан датка" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманы тарткан чыгармачыл топтон маалымдашты.

Тасма 26-27-декабрда көрсөтүлгөн. Кечеде Түндүк Кипрдин билим берүү министри Оздемир Берова баштаган бир катар адырлуу коноктор сөз сүйлөштү.

Андан тышкары учурда кино тасма Американын Калифорния штатындагы Палм-Спрингс шаарында өтүп жаткан кинофестивалга катышууда. Тасманы көрүүчүлөргө режиссер Садык Шер-Нияз тааныштырды.

"Курманжан датка" кино тасмасы фестивалдын конкурсттук программасына катышып жатат, аталган конкурска "Оскар" сыйлыгына сунушталган мыкты фильмдер катышууда.Тасмалар ФИПРЕССИ сыйлыгы үчүн ат салышмакчы. Фестиваль 2-январда башталган жана 12-январда аяктайт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...