Акыркы макалалар

Тиешелүү органдарга Калыс-Ордодогу мектептин курулушун тездетүү тапшырылды

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев баштаган тиешелүү мекеме органдардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Алгач комитет төрагасы аталган конушта мектептин пайдубалын түптөө үчүн капсула салынгандыгын эске салып, бул конуштун тургундарынын кайрылуусу менен тааныштырды.

Анда пайдубалына капсула салынганы менен кура турган компаниянын, мектеп имаратын долбоорлоо мекемесинин, Бишкек мэриясынын тиешелүү мекемесинин, өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин жана башка уруксат берүүчү мекемелердин ортосунда уюштуруу иштери так жүрбөй, мектеп курулушу башталбачудай жагдай түзүлүп жатканы жана мындай учурда жергиликтүү элдин ишеними жоголуп, ар кандай нааразычылык сөздөр козголо баштаганы айтылган.

Себеби, 2009-жылы дагы бул конушта ушундай мектеп курулат деп, курулушу башталбай, каралган каражаттын дайны чыкпай, натыйжада жергиликтүү эл жалкып калышкан.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө вице-мэр Дүйшөнбиев Бишкек ЖЭБин реконструкциялоочу TBEA компаниясынын соц-пикетинин негизинде каражат каралгандыгын, тез курулуучу конструкция менен мектеп куруу боюнча өкмөттүн чечими чыккандыгын, тиешелүү мекемелер иш жүргүзө баштаганын, курулуштун архитектуралык жагы бүтүп, конструктивдик жагы каралып жатканын тизмектеди.

"Эми TBEA компаниясы менен куруучу компания ортосунда келишим түзүлүшү керек. Кийин түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизбеш үчүн ар кандай майда, бирок маанилүү жагдайлардын баары иликтенип жатат",- дейт Дүйшөнбиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө 1-нөөмөттө 750 бала окуй турган мектеп курулаары, бул ишке дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсү зарылдыгы сындуу олуттуу деталдар такталды.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев Калыс-Ордо конушунун тургундарын өтө эле кам санай бербей, шаар мэриясынын аракетине ишеним артууга чакырып, ошол эле маалда мэрия жетекчилигине аталган келишимди тездетүү жагын табыштады. Ал бул маселе комитеттин көзөмөлүндө боло турганын кошумчалады.

Конуш тургундары билим берүүгө камкордук көрүүгө олуттуу мамиле жасаган төрагасы Осмоналиев башында турган комитетке ыраазычылык билдиришти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...