Акыркы макалалар

Кыргызстанда 7 млрд. долларлык 24 долбоор ишке ашырылат

Кыргызстанда улуттук маанидеги 24 долбоор ишке ашырылат. Анын жалпы суммасы 7 млрд. доллар. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев кечээ жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, улуттук ири долбоорлордун арасында энергетика тармагы бар.

“Жогорку Нарын каскады курулууда, “Датка” подстанциясынын курулушу аяктады. Камбарата-2 ГЭСинин маселеси да чечилди. Бул долбоорлор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Албетте долбоорлордун баары эле эки-үч жылда аягына чыкпайт. Мисалы, Токтогул ГЭСинин реконструкциясы 2021-жылы аяктайт”, - деди Атамбаев.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • Pico @ 08.01.2015 @ 08:17

    Бул долбоорлордун саны, көлөмү, деми укмуш экен, чынында! Бирок, бир таң калыштуусу ушундай долбоорлорго иштөөгө кимдер, кантип тартылышат? Жумуштары жок, билимдүү, өз кесибин жакшы билишкен жаштарды көр эле жолуктурабыз, бирок, бирөө да ушундай иштерге тартылганын уга да, көрө да элекмин. Же, дагы эле, баягы, долбоордун башында отурган чиновниктердин ийри колдору менен имерилип кете беришеби? Ушу суроого жооп таап бериңиздерчи!