Акыркы макалалар

Байтикте ишкерлер жаңы мектеп куруп жатат

Чүйдүн Байтик айылында ишкерлер көмөгү менен мектептин жаңы имараты курулууда.

Бул тууралуу аталган айылдагы "Кут билим" мектебинин директору Таалай Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, айылдагы мектепте окуучулардын саны көбөйгөндүктөн жаңы имарат куруу муктаждыгы жаралган.

Мындан улам "КG ГРУПП" курулуш компаниясы айылда төрт кабаттуу 450 окуучуга ылайыкташтырылган билим берүү комплексин куруп жатат.

Курулуш учурда толук кандуу жүрүп, эмдиги окуу жылына бүткөрүү мерчемделүүдө. “KG ГРУПП” курулуш компаниясы 2011-жылы негизделген. Буга чейин калктын аялуу катмарларын турак жай менен камсыз кылуу үчүн социалдык долбоор баштаган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...