Акыркы макалалар

Ош шаарында аксакалдар сотунун жумушун жакшыртуу иштери жүрүп жатат

Ош шаарында аксакалдар сотунун жумушун жакшыртуу иштери жүрүп жатат

10.12.2013. Асанбек Каракозуев

Кечээтен баштап Ош шаарынын 12 аймактык кеңештеринин Аксакалдар сотунун төрагаларынын иштерин жакшыртуу максатында экинчи жолу окутуу өтүүдө. Ага шаардагы жергиликтүү ишмерлер, укук коргоочулар катышууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул окутуу алардын ишмердүүлүгүн тереңдетип үйрөтүү, айрыкча жарандар сотко чейинки ар кандай талаш маселелерин акчакалдар соту аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берүү болуп саналат.

Окууга катышкандарда аксакалдар соту эмне иш кылат же алар жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү менен кандай иштешиш керектиги тууралуу билим деңгээлдери жетиштүү эместиги байкалган.

Фото: www.knews.kg

Түп нускага шилтеме : www.yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...