Акыркы макалалар

2015-жылдын сентябрында "Улуу Жибек Жолунун жылдыздары" аттуу фестиваль өткөрүлөт

Бүгүн, 24-декабрда, КР маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов LIONS CLUB Бишкек фондунун делегациясын кабыл алды. Жолугушууда LIONS CLUB Бишкек фондунун президенти Осмонжан Касымов жана клубдун Бавариядагы президенти, белгилүү дирижер Вальдемар Штоккер менен LIONS CLUB тарабынан 2015-жылдын сентябрь айында өткөрүлө турган «Улуу Жибек Жолунун жылдыздары» аттуу эл аралык фестиваль тууралуу сөз болду. Классикалык музыкага арналган бул фестиваль 8-15-сентябрга пландаштырылган. Дүйнө жүзүнөн келген жаш таланттардын бир нече концерттери өтүп, мастер-класстар менен коштолот. Мындан тышкары, уюштуруучулардын айтымында бул иш-чара Кыргызстан үчүн туризм жаатында да пайдалуу болот. Программада чет жерден келген конокторду Кыргызстандын кооз жерлери менен тааныштыруу каралган. Фестивалдын жабылуу аземи Ысык-Көлдүн «Рух-Ордо» комлексинде өтөт. Мындай фестиваль биринчи ирет 2013-жылы өткөн.

Министр А.Максутов өз кезегинде мындай ири маданий иш-чаралар Кыргызстан үчүн, өзгөчө жаш таланттар үчүн абдан пайдалуу болорун белгилеп, министрлик колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Болот Осмонов кыргыз музыканттарын чет жерлерде окутуу, адистердин тажрыйба алмашуу маселесин козгоп, мындай иш-чараларды жалаң эле Бишкек шаарында эмес, Кыргызстандын башка жерлеринде да өткөрүү мүмкүн экенин белгилеп өттү. Жолугушуу соңунда министр А.Максутов кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого чоң салым кошуп келген Вальдемар Штоккер мырзага «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин ыйгарды.

Lions клуб Бишкек Кыргызстанда 2011-жылы негизделген. 15 жаштан 30 жашка чейинки жаш таланттарга колдоо көрсөтүү менен билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу социалдык көйгөйлөр менен күрөшүп келет. Учурда клубдун дүйнө жүзү болюнча 42 миң филиалы иш алпарат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...