Акыркы макалалар

Кыргыз мигранттын сөөгү Москвада кармалууда

Москвада кыргыз мигрантынын сөөгү бир нече күндөн бери кармалып турат.

Бул тууралуу “Москва KG" гезитинин редактору Жылдыз Осмонова билдирди. Анын айтымында, Ак-Талаада туулган Кубанычбек Мамбетакунов мындан төрт-беш күн мурда Москвада жаңы жылдык кечеде ууланып өлгөн. Маркумдун каралашар тууганы жок болгондуктан анын сөөгү ушу күнгө чейин мекенине жөнөтүлбөй, Москвада кармалып турат.

Маалыматка ылайык, маркум Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Анын эки кыз, бир уулу Нарында ата-энесинин колунда калган.

Москвадагы кыргыздар сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө каражат топтоп жатканын билдиришти.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...