Акыркы макалалар

Караколдо спорт сарайы салынат

Шаардагы спортчуларга 1000-1500 орунду спорт сарайы салынат. Ага 500 миң доллар жумшалат. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Максат Касенов билдирди.

Маалыматка ылайык шаардагы спортчуларга машыгууга шарт түзүп берүү максатында болууда. Себеби шаардагы спорт сарайлары заманбап талапка жооп бербейт. 2013-жылдын соңуна чейин спорт сарайды ишке берүү планы коюлууда: “Буга ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан жана шаарыбыздын бюджетинен бириктирип туруп салсакпы деген оюбуз бар. Анткени Караколдо ылайыктуу чоң имарат жок мелдештерди өткөзө тургандай. Мисалы: Шаарыбызга концерттер келсе 500 кишилик драм театрга тыгылып калышат. Ал жерге жок дегенде 1000-1500 киши баткандай кылабыз деп пландап жатабыз”- дейт М. Касенов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...