Акыркы макалалар

Кыргыз мигранттары жаңы жылдан кийин деле Орусияга ID-card менен киргизилиши мүмкүн

Кыргыз мигранттары жаңы жылдан кийин деле Орусияга ID-card менен киргизилиши мүмкүн

Бул тууралуу Орусиянын федералдык миграция кызматынын өкүлү Дмитрий Демиденко Москвадагы кыргыз элчилигинде берген маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык жарандар үчүн жеңилдик катары жаңы жылдан кийин деле Орусияга ID-card менен кирүү мүмкүнчүлүгү калтырылышы мүмкүн. Учурда бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Орусия 2015-жылдын 1-январынан тарта өз аймагына чет элдиктерди ички паспорт менен кирүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Жаңы талаптарга ылайык, Орусияга кирүүдө 16га толо элек балдарда да жалпы жарандык документ болууга тийиш.

Кыргызстандыктар ички паспорт менен Орусияга кирүү укугуна 2007-жылдын апрель айында ээ болушкан. Ага чейин виза режими иштеген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...