Акыркы макалалар

Дыйкандарга 5 миллиард сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилген

Кыргызстандын аймагында дыйкандар 19-декабрга карата "Айыл чарбасын каржылоо-2" долбоорунун алкагында 5 миллиард 297 миллион 699 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, насыя 15 522 жаранга берилип, ал эми насыяларды жумшоо багыты төмөнкүдөй:

өсүмдүк өстүрүүгө 404 миллион 717 миң сом;

мал чарбачылыгына 4 миллиард 114 миллион 890 миң сом;

агро өнөржайлык кайра иштетүү, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдерине 778 миллион 092 миң сом.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...