Акыркы макалалар

Кыргызстанда жыл сайын беш миңден ашуун адам кант диабетине чалдыгат

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиева “Кант диабети жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча өткөн парламенттик угууда билдирди. Анын айтымында, соңку учурда кант диабетине чалдыккан балдардын саны өсүүдө. Жыйында алдын алуу, калкка маалымат берүү иш-чаралары жетишсиз болуп жатканы, адистердин жоктугу белгиленди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны 43 миң, бирок бул көрсөткүч чыныгы абалды мүнөздөбөйт. Жыл сайын Бишкек шаарында эле 14-15 балага ушундай диагноз коюлуп жатат.

Кант диабети жалпы организмдин иштешине залакасын тийгизген дарт. Кандагы инсулинди нормадан ашырбай кармап туруу үчүн бейтап дайыма дары ичип туруусу керек.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...