Акыркы макалалар

Сарпашев жаңы "Боинг" учагын сатып алуу иш-чарасына катышты

Бүгүн, 19-декабрда эл аралык "Манас-2" аэропортунда ата мекендик авиациялык паркты жаңы муундагы "Боинг 737-800" аба кемеси менен толуктоого байланыштуу салтанатуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев учак сатып алуу ар кандай жумуштары жана жеке иштери боюнча көп учкан мекендештер үчүн жакшы жаңылык экенин белгилеп өттү.

"Жыл өткөн сайын көпчүлүк жарандарыбыз учак менен жүрүүнү тандап алып жатышат. 2013-жылдын жыйынтыгы менен жүргүнчүлөрдүн агымы 2 млн 420 миң адамдан ашкан. Аба каттамдарынын саны дагы көбөйгөн. Авиапарктын жаңыртылышы Кыргызстандын "кара тизмеден" чыгарылышына карата жасалган кадамдардын бири",-дейт Сарпашев.

2014-жылдын декабрь айынан тартып жаңы "Боинг" ички Бишкек – Ош каттамы боюнча рейске чыгарылат, ошондой эле Бишкек менен Россиянын шаарларына учат.

Кыргызча "Акмарал" деп аталган "Боинг 737-800" аба кемеси "Эйр Манас"/ТМ "Пегасус Азия" кыргыз авиакомпаниясы тарабынан сатылып алынган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...