Акыркы макалалар

Өкмөт башчы компетенттүү эмес башчыларды иштен бошотууну талап кылды

Кечээ, 18-декабрда болгон Ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев текшерүүчү мамлекеттик органдардын башчыларына сынак тапшыртууну талап кылды.

Анын айтымында, жетекчилер ал тургай текшерүү баракчалары тууралуу дагы билбейт.

"Аларды чакырып жана сынак тапшырткыла. Жана билбегендерди иштен бошоткула. Учурда 80 пайыз текшерүүлөр айып пул менен бүтүп жатат жана чиновниктер буга сыймыктанышууда. Бирок бул туура эмес. Испекторлор акча өндүрүп келбесек начар иштеп жатабыз деп эсептешет экен. Инспектор түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана ишкердин таза ишкерлик менен иш алып баруусуна көмөк бериши керек",-деп билдирди Оторбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...