Акыркы макалалар

Элдер финансылык сабатсыздыктын азабын тартышууда

Элдер финансылык сабатсыздыктын азабын тартышууда

08.01.2013. Ыдырыс Исаков

Бул туурасында Normalizerдин кечээ күнкү коногу «Асыл аманат демилгеси» коомдук бирикмесинин Ош боюнча координатору Жаңыл Балтабаева билдирди. Анын айтымында элдер микрофинансылык мекемелерден кредит алууда өз укуктарын билишпейт. Алган кредиттерин да максаттуу пайдалана албай, түрдүү коромжуларга жол беришип, акыр аягында карызга батып жатышат. Ал карыздан кутулуу үчүн үстөк пайыздары бийик, мыйзамсыз сүткорлордон карыз алышууда. Анын айынан мүлктөрүнөн ажырап, көчөдө калган фактылар көп.

Normalizer программасынын алкагында бир канча жолку талкуудан кийин микрофинансылык мекемелердин да, насыякечтердин да бир канча шалаакылыктары ачыкталды. Талкууда насыякечтер жана экономикалык эксперттер тарабынан финансылык уюмдардын дарегине келишимдердин кыргыз тилинде жазылбаганы, бир эле насыякечке ар кайсы уюмдардан кабат-кабат карыздар берилгени, насыякечтерге орой мамиле жасап, ар түрдүү басымдарды көрсөткөнү, комиссиялык, гаранттык деген ашыкча жыйымдарды алганы, үстөк пайыздарын бийик койгону, кардардын дараметин эске албаганы сындалды.

Ал эми насыякечтердин дарегине карызга алган акчаны максаттуу пайдаланбаганы, сабатсыздык, укуктук маалыматсыздык сыяктуу сындар тагылды.

«Асыл аманат демилгеси» коомдук бирикмесинин өкүлү Жаңыл Балтабаева «Учурда парламенттин кароосуна микрофинансылык уюмдардын жана жеке сүткорлордун иштерин көзөмөлдөө боюнча бир канча мыйзам долбоорлору даярдалып жатат» -деп билдирди. Анын айтымында айылдарда жеке сүткорлук менен алектенгендердин саны күн санап өсүп жатат. Айылдык мугалимдер да сүткорлук менен алектенип, өнбөй жаткан карыздарын мектепте окуп жаткан балдардан талап кылган учурлар көбөйүп жатат. Аларды тез арада көзөмөлгө албаса сүткорлук көйгөйү социалдык чыңалууну шартташы мүмкүн.

Талкуу учурунда финансылык сабаттуулук боюнча эң зарыл темаларды мектеп программасына да киргизүү сунуштары айтылды.

Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча бир канча радио талкуулардын жыйынтыгында айрым финансылык уюмдар өз кардарларына болгон мамилелерин жумшартып, «комиссиялык», «гаранттык» деген жыйымдарынан баш тартышты.

Эскерте кетсек Кыргызстанда микрофинансылык компаниялардан айына 1 млрд. сомдон акча элге таратылат. Чакан кредиттерди жалпы насыякечтерге бөлгөндө ар бирине орто эсеп менен 35 миң сомдон туура келет.

КРнын Улуттук Банкы микрофинансылык мекемелердин насыяга койгон үстөк пайыздарын чектөөгө мыйзам жол бербешин билдиришти. Улуттук Банк өлкөдөгү микрофинансылык мекемелер арасында атаандаштыкты камсыздоо менен гана алардын пайыздарын түшүрүү аракетин көрүшмөкчү.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...