Акыркы макалалар

А.Калматов: "Каржы министрлигинен 100 миӊ сом сурасаӊ, «акча жок» деген гана жооп аласыӊ"

Каржы министрлиги менен Мамлекеттик өнүктүрүү фонду кайтарылган насыялардын эсебинен жылына 40 млн сом көлөмөндө каражат алат. Ал эми зарыл маселени чечүү үчүн 100 миӊ сом сурасаӊ, «акча жок» деген гана жооп аласыӊ. Топтолгон каражат кайда кетип жатат? Бул тууралуу депутат Анарбек Калматов Жогорку Кеӊеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүнүн жүрүшүндө билдирди.

«Президенттин өзү кийлигишип жатып, Аксы районундагы көп жылдарга созулган «Иринжит» каналы араӊ курулуп бүттү. Ал эми «Ак-Терек» каналына ушул кезге чейин бир тыйын да бөлүнө элек. Эмне, дагы Президент өзү кийлигишүүсү керекпи? Андан башка да, өткөн кылымдын 40-жылдары салынган мектептер бар, анда балдар аргасыздан окуп жатат. Каржы министри ага да «акча жок» дейт», - деди депутат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...