Акыркы макалалар

Чүй аймагындагы диний окуу жайлар заманбап техникалар менен жабдылууда

7-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы окуу жайлардын материалдык техникалык базасын чындоого көмөк көрсөтүү максатында Чүй облусунун аймагындагы диний медреселерге бардык жабдыктары бар компьютерлер жана интернет модемдер берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

"Бул жабдыктар биринчиден, билим берүүнүн стандарты, экинчиден, мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу болуп эсептелет. Аны менен бирге медреселерде окуп жаткан окуучулардын билим сапатын оптималдаштырууда чоң өбөлгө болмокчу", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Кыргызстанда 77 исламдык диний билим берүү мекемеси бар. 10 ЖОЖ жана 67 медресе.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...