Акыркы макалалар

Руслан Түмөнбаев Олимпиадага даярдоо борборуна орун басар кызматына дайындалды

Руслан Түмөнбаев Кыргыз Республикасынын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 16-декабрда кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Түмөнбаевди жамаатка тааныштырган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов учурда жетекчилик башкаруу системасына жаш адистерди тартып келүүгө аракет кылып жатканын белгилеп өттү. "Биз жаш муундарга, анын ичинде Руслан Түмөнбаевге мүмкүндүк беришибиз керек",-деди ал өз сөзүндө.

Буга чейин орун басар кызматында Талант Беккулов иштеп келген.

Эскерте кетсек, Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөн Олимпиадада коло медалга ээ болгон. 2008-жылдагы Азия чемпиону, 2006-жылы Катардын Доха шаарында өткөн Азия оюндарынын коло медалынын ээси болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...