Акыркы макалалар

Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси шылуунчулукка шектелүүдө

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери шылуунчулукка шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар Кыргызстан - Малайзия ишканасынан талаш маселени чечүү үчүн деп, 75 миң доллар алып, жеке иштерге короткон. Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта кылмышка шектүү мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин аты-жөндөрү көрсөтүлгөн эмес.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...