Акыркы макалалар

Орусияда мигранттардын эмгек акысы төмөндөөдө

Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын эмгек акысы рублдин курсу менен бирге төмөндөдү. Бул тууралуу "Замандаш" Ассоциациясынын директору Майрамбек Жапанов билдирди.

"Бирок, эмгек акысынын төмөндөгөнү менен биздин мигранттардын Кыргызстанга массалык түрдө кайтып келүүсү тууралуу маалымат жок", - дейт ал.

Анын айтымында, учурда курулуш тармагында жана башка жерде иштегендер Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Ал эми тейлөө кызматында эмгектенген мекендештер рублдин кунунун түшүп кетүүсүнө байланыштуу өлкөгө кайтып келүүсү байкала элек.

Эскерте кетсек, Орусияда 1 доллардын курсу -74 рубль, евро-100 рублди түзүүдө.

2014-жылдын 1-декабрында Орусияда 1 доллардын курсу - 53,39 рубль, евро - 66,57 рублди түзгөн.

Жыл башында 1-январдагы доллардын курсу 32,66 рублди түзгөн болчу.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...