Акыркы макалалар

Акелеев: Рублдин төмөндөшү Кыргызстандагы ИДӨнүн жайлашына алып келет

Россиянын валютасынын Кыргызстандын экономикасына тийгизген тескери таасири тууралуу пикирин Каржы министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мурдагы башчысы, Promo Tank консалтинг компаниясынын директору Азамат Акелеев билдирди.

"Рублдин кунун жоготуусунан биздин экспорт жабыр тартат: Кыргызстандын товарлары россиялыктар үчүн кымбат болуп калат, бул өз кезегинде атаандаштыкка туруштук берүү менен байланышкан. Эгерде буга чейин россиялыктар бизге товар сатып алыш үчүн келсе, учурда көптөгөн кыргызстандыктар менен казакстандыктар тескерисинче Россияга сатып алуу үчүн барышат. Балким кимдир-бирөөгө бул жакшыдыр, бирок жалпысынан Кыргызстандын экономикасы үчүн бул пайдасыз - Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) өсүү ыргагы төмөндөйт",-деп жагдайга комментарий берди эксперт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...