Акыркы макалалар

Сарыбаев: Кыргызстан Бажы биримдигине кирерде товарларды атайлап кымбаттатышкан

"Сом рубль менен эч кандай байланышы жок, ал Кыргызстандын социалдык маселелери менен байланышкан",- деп билдирди кечээ, 16-декабрда "ВБ" менен болгон маегинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана каржы институтунун директору Айылчы Сарыбаев.

Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирердин алдында товарларга карата атайлап бааны кымбаттатуу болгон, бул инфляцияга, сомдун арзандашына алып келген.

"Кыргызстан кандай болгон күндө да тышкы таасирлерден көз каранды, анткени анын экономикасынын реалдуу тармагы жок. Жеңил жол албетте жок, эч ким кыргыздарга жол ачып турбайт. Рынок системасына ылайык, ички рынокто гана эмес, мамлекеттер ортосудагы рынокто дагы атаандаштыкка туруштук берүү кажет. Рынок экономикасында өз ордубузду табыш үчүн чыдаш керек. Буга аябай чоң күч жумшоо зарыл, анткени анын билип-билбеген кырлары көп",-деп түшүндүрдү экономист.

Рублдин төмөндөшүнө токтолгон маектеш анын себеби Батыш баштаган "согуш" экенин айтат.

"Россияга карата кабыл алынган санкциялар - бул экономикалык согуш. Бирок мен Россия сөзсүз түрдө утушка ээ болот деп эсептейм. Анын ири жаратылыш ресурсттары жана алтын валюта резерви бар. Анан калса Россиянын экономикасынын өсүү ыргагы жетишерлик, аны токтотууга мүмкүн эмес. Эгер ички экономикалык жана интеллектуладык потенциалдар кошулса дүйнөнүн экономикалык жана саясий борбору Европа эмес, ШКУ мамлекеттерине өтөт",-деп ишенет Сарыбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...