Акыркы макалалар

Укук коргоо органынын кызматкерин ири партиядагы героин менен кармашты

Укук коргоо органынын кызматкери ири партиядагы героин менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Бажы кызматынын баңгизатынын мыйзамсыз айланышы менен күрөшүү кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан героин ташуу боюнча ири каналды жапты",-деп кабарлайт басма сөз кызматы.

Ыкчам иликтөө иштерине бажы кызматкерлери менен бирге Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөл кызматынын кызматчылары катышкан. 2014-жылы 13-декабрда болжол менен саат 15.15те Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында "Ниссан Пресаж" унаасы кармалган.

Унаанын багажынан 26 кг 440 грамм героин табылды.

"Баңгизаттарын ташып бар жаткан адам Кыргызстандын укук коргоо органдарында иштеген кызматкер экендиги аныкталды",-деп кабарлайт Бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...