Долбоор тууралуу

«Дем» кызматы – бул жаңылыктарды топтогуч. Анын жардамы менен сиз дайыма Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу кабардар болосуз. Биз кыргыз, орус жана англис тилдеринде мүмкүн болушунча көп булактардан маалыматтарды чогултууга аракет кылып келебиз. Сайт «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жасалды. Аны жакшыртууга даниялык IMS уюму колдоо көрсөттү. Сайттын ээси «Журналисттер» коомдук бирикмеси.

Башкы бетте жаңылыктарды жайгаштыруу

Башкы бетке ар-түрдүү жаңылык булактарынан материалдар жайгаштырылып турат. Сиздер материалдарды рубрикалар, ЖМКлар, аймактар боюнча өз-өзүнчө карай аласыз. Макалаларды «Дем» менен кызматташкан ЖМКлар же интернет-басылмалар (Катышуучулар) өз алдынча жайгаштырышат.

Сайтта катталган колдонуучулар башкаларга салыштырмалуу айрым артыкчылыктарга ээ болушат, башкача айтканда, алар: материалдарга пикирлерин жаза алышат; “ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына” материалга арыздана алышат; жана да сайттын жаңылыктарынан өз тандоосундагы жаңылыктардын тизмегин түзө алышат.

Катышуучулар жана колдонуучулар Сайттын эрежелери сакташ керек.

Ушуга окшош кызматтардан сайтыбыз эмнеси менен айырмаланат?

Кыргызстандагы ушуга окшош кызматтардан “Дем” төмөндөгү жактары менен айырмаланат:
  • өз веб-сайты жок ЖМКлардын материалдарын интернеттен окуй аласыздар;
  • кыргыз, орус жана англис тилиндеги макалалар менен таанышса болот;
  • ар-бир жарыяланган макалага пикириңерди жазсаңар болот, ал ЖМКнын электрондук почтасына автоматтык түрдө жөнөтүлөт, б.а. “маалымат колдонуучу - ЖМК” байланышын чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт;
  • эгер, сиздин пикириңизде, макалада чындык бурмаланса же адеп-ахлактык нерселер бузулса “ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына” кайсы бир макала боюнча даттана аласыңар.

Келечекте сайт топтогучту төмөнкү багыттарда жакшыртуу каралууда:

  • тилдердин санын көбөйтүү;
  • сизди кызыктырган гана жаңылыктар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген жаңылыктардын жеке тизмегин түзүү;
  • сайт-топтогучтун мобилдик түрүн түзүү.

Катышуучу болуу »

Сунуштар/каалоолор/суроолор