Public Articles

Авариялык мектептер

  • Author: Элиза
  • Region: Jalal-Abad
  • Published at: 19.09.2014 @ 17:07

Бугунку кундо Жалал-Абад облусу боюнча 28мектеп адистер тарабынан авариялык абалда деп табылган. Алардын дээрлик баардыгы окуучулардын омуруно коркунуч туудуруп турат. Эскилиги жеткен мектептерден 4тоо Сузак районунун Ырыс айыл окмотундо жайгашкан. Алардын бири Ырыс атындагы орто мектеп 82жыл мурун салынып, бугунку кундо кулайын деп турат. Элеттиктер жана айыл окмотунун башчысы ондоп берууну отунушуп бардык жерлерге карылышкан. Бирок жаны мектептин бутоору жонундо азыркыга чейин кабар жок. Ал арада окуу да башталып кайрадан эсклиги жеткен мектепте окуучулар билим алып жатышат дейт Ырыс айыл окмотунун жетекчиси Кадыралы Иманов

Сузак районундагы ырыс орто мектебинин имараты 1932-жылы курулган. Окуу жайы болгонго чейин булл жер буудай тогуучу кампа болгон. 4жылдан сон сабатсыздыкты жоюу максатында баштапкы класстардын мектеби болуп ачылган. Кийин уланып салынып олтуруп 11-класска чейин окутуучу мектеп болуп калган. Учурда мында алгачкы бутуруучулордун чоборолору билим алып жатышат. Бирок ушул кунго чейин жаны мектеп салып окуучуларды алып чыгып кету каралган эмес. ОКМ дин адистери тарабынан бир нече жыл мурун эле мектеп авариялык абалда деп табылган.

Мектептин имараты ушул убакка чейин жеткиликтуу ремонттон откон эмес дешет. Айына текшеруучулор келгенде мугалимдер жаап жашырып шыбап коюшканы баарына малым. Бирок азыр эскилиги жеткен дубалдар шыбаса да болбой кулай баштаганда ар кайсы жерине устундар менен тиреп коюшкан. Булл абалдан ата-энелер балдарын окутуудан баш тартышууда. Анткени кочуп тушсо окуучуларды басып калу коркунучу чон. Ырыс айыл окмотунун башчысы Кадыралы Иманов жаны мектептин курулушу ыксыз создуктурулуп жатат деп эсептейт.

Корсо мектептин имаратын бутуруу максатында тендерден утуп алган ААлым ата ЖЧКоому 2004-жылдан бери иш жургузуп келген. Кийн буга чейинки тендерден женип чыккан Ош курулуш ЖЧКоомун жумуш сапатсыз журуп жатат деп токтотуп койгон. Бирок айыл тургундарынын маалыматында Алым ата ЖЧК ишти жакшы алып барып жаткан, ичи таардыктан уламбы айтор мектептин ишин жаап салды дешет.

Абалы начар мектептер кандай жайгаштырылат анны убакыт корсотот. Бирок метептин кээбирлери окуу башталганда кайрадан окуучуларды кабыл алууга аргасыз болушат. Анткени ушул убакка чейин ал мектептин ураган жерлерин шыбап окуучуларды окутуп келишкени да жашыруун эмес. Ал арада кыш мезгили келуусуно да саналуу айлар калды. Эмми ата-энелер балдарыбыз кооптуу жайдан качан жаны мектепке кочурулуп чыгып кетет деген ой менен сарсанаа болушууда.

You can publish your own article here.