Latest articles

Султанов Бажы бириминдеги өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынына катышты

5-декабрь күнү транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Орусиянын Москва шаарында "Транспорттук жумалык - 2014" аттуу Бажы бириминдеги өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 3-жыйынына байкоочу катары катышкан. Бул тууралу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жыйында төмөнкү маселелер талкууланган:

1- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин 2020-жылга чейинки транспорттук саясаты,

2- Транспорт тармагындагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу,

3- Темир жол коопсуздугу боюнча сертификаттын талаптары жана тартиби боюнча жалпы сунуштарды иштеп чыгуу жана башкалар.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...