Latest articles

Долон ашуусуна метеорологиялык станция курулат

Долон ашуусуна метеорологиялык станция курулат

Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Дөөлөт Ибраев коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда Долон ашуусунун башына Кыргыз гидрометрологиялык агенттигинин атайын станциясын ачуу зарыл. Ал үчүн атайын коюла турган жерлери аныкталып, такталып бүткөн. Бул станция курулса кар көчкүлөрү болоору күтүлгөн аймактар алдын ала белгилүү болуп турмак. Агенттик менен сүйлөшүлүп маселе чечилүүдө,-дейт Д.Ибраев. Мындан сырткары унаа жолдорунун кооптуу делген аймактарына жылытуу пункуттарын куруу иши колго алынууда. Жылытуу пункуттарына керектүү тамак-аш отун маселеси боюнча мекемелер аралык комиссия аркылуу республикалык бюджеттен каражат маселени чечүү жолдору изделүүдө. Ал эми өкүл Аманбай Кайыпов жылытуу пункуттарын ачууну пландап эле койбостон ишке ашыруу керектигин билдирди. Ал темир контейнерлерден алып, эшик терезе салып жылуулап койсо болоорун белгиледи. Ошондой эле ал бир жуманын аралыгында облус аймагындагы кар көчкүсү түшүү коркунучу бар унаа жолдорунун кайсыл аймактарына жылытуу пункуттары ачылганын, үйлөрдүн даректерин жана кимдин үйүндө ачылганы тууралуу маалыматтарды өкүлчүлүккө берүүнү, район акимдерине тапшырды.

Original url : www.naryn.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...