Latest articles

Каракол мэринин шахмат кубогу болот

Областын борборунда 23- 26 декабрга чейин мэрдин шахматтык кубогу жарыяланды. Ага баардык каалоочулар катыша алышат. Бул туралуу областык балдар спорт мектебинин тренери Азамат Токтогожоев билдирди.

Анын айтымында мелдеш швейцария системасы боюнча 9 тур болуп, эки категорияда жүргүзүлөт. Биринчиси чоӊдор арасында 15 жаштан өйдө карай, экинчиси 15 жаштан ылдый ат салышышат. Алдыңкы орунга ээ болгондор кубок, төш белги жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фондусу 10 миӊ сом.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...