Latest articles

Ноябрда бюджеттин ресурстук бөлүгү 7 млрд 758,8 млн сомго пландалууда

2014-жылдын ноябрь айына бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жалпы кирешелеринин, ресурстарынын жана чыгашаларынын финансылык планына ылайык ушул айда республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү 7 млрд 758,8 млн сомго, чыгаша бөлүгү 8 млрд 312,7 млн сомго пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгымдарга республикалык бюджеттен 944,5 млн сом, "Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча – 114,7 млн сом, эмгек акыга – 1 млрд 714 млн сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга – 1 млрд 255 млн сом, жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча иш-чараларга - 90 млн сом жумшалмакчы. Калган каражаттар чыгымдардын корголгон жана корголбогон башка беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалат.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...