Latest articles

Эртең Улуттук илимдер академиясында гуманитардык илимдерге арналган көргөзмө өтөт

18-ноябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын борбордук китепканасында «Эгемендүү мезгил жана руханий дүйнө» аталышындагы гуманитардык илимдерге арналган көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматынан билдирди.

“Эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде гуманитардык илимде кыйынчылыктар болгон. Бирок, алар ошого карабай, илимдин багыттарын тегиз колго алышып, базар экономикасына карабай, изилдөөлөрдү жүргүзүп келгендигин 1 миңден ашуун чыккан монографиялар, китептер күбөлөп турат”,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, бул көргөзмөгө коюла турчу эмгектер жогорку окуу жайларда жана мектеп мугалимдери үчүн окуу куралдары катары колдонулуп, жаштардын аң-сезимин калыптандырууда чоң ролго ээ болуп келет. Ошону менен бирге коомдук идеологиянын милдетин аткарууда маанилүү болуп эсептелет.

Аталган көргөзмөнү Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү уюштурууда. Анда каалоочуларга китептерди сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...