Latest articles

Жалал-Абад облусу боюнча 38 айыл аймагы сынакка катышкан

Швейцария өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиевдин берген маалыматына караганда, жыл сайын “Жергиликтүү демилге” сынагына катышкан айыл муниципалитеттеринин артыкчылыктары өзгөрүүдө.

“Бул жылы сынакка келип түшкөн табыштамалардын ичинен эң көп санда аймакты жана айылды жакшыртууга – 19, мектепке чейинки билим берүүгө – 13, социалдык долбоорлорго арналган – 7 табыштамалар болду. Сынакка жалпысынан 38 айылдык аймактан 74 табыштама түшкөн. Анын ичинен 47 табыштама Жалал- Абад, 26 табыштама Ысык-Көл жана 1 табыштама Чүй облусунан түшкөн.

“Сынактык комиссиясынын курамында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын, «Айыл демилгеси» коомдук бирикмесинин жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрүнөн турган комиссия табыштамаларды карап чыгып, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады”, - деди Б.Бекиев.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...