Latest articles

Стамбулда Рахманкул хандын 100 жылдыгы белгиленди

26-октябрда Стамбулда саясий жана аскер ишмери Рахманкул хан Жапаркул уулунун 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болду.

Аталган иш-чара Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Ренат Түлөбердиевдин колдоосу менен Стамбул шаарынын мэри Ибрагим Караосманоглу тарабынан уюшулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын атынан ЖКнын “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров, КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мурдагы ректору, илимий ишмер Сулайман Кайыпов жана башкалар катышкан.

Салтанаттуу кечеде Рахманкул хан Жапаркул уулунун кыргыз-түрк өз ара мамилелерин өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө кошкон салымы белгиленди. Мындан тышкары, “Жапаркул уулу Рахманкул жана анын жашоосу” аттуу кинотасма көрсөтүлгөн.

Рахманкул хан – саясий, аскердик ишмер, Памир, Афган, Пакистан, кыргыздарынын жол башчысы болгон.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...