Latest articles

Ош МУнун экинчи өздүк клиникасы пайдаланууга берилди

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык жана медицина факультетинин 20 жылдык мааракесине карата ОшМУнун 3 кабаттан турган Стоматологиялык клиникасынын ачылуу аземи болду.Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

“Клиникаларыбыз заманбап типте курулуп, сапаттуу медициналык жабдыктар менен жабдылган, мунун баары кадырман калкыбыздын саламаттыгы үчүн, ошол эле кезекте биздин медицина факультетинин, медициналык колледждин студенттери үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Бул жерден биздин окумуштуу-окутуучуларыбыз өздөрүнүн илимий тыянактарын, жаңы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрүүгө, студенттер, аспиранттар, ординаторлор практиткалык тажрыйба топтоого шарттар жаралды”,- деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

Стоматологиялык клиникада 200 орунга ылайыкташкан чоң лекциялык зал, 80 орунга ылайыкташкан кичине лекциялык зал, конференц залдар менен биргеликте хирургиялык, тиш дарылоо, рентген, залалсыздандыруучу 10 тиш дарылоо кааналары оорулуулар үчүн кызмат көрсөтөт.

Бул клиникада дасыккан тиш дарыгерлери эмгектенип, ординанттар, стажерлор, стденттер үчүн да практика жүзүндө ишмердүүлүктөрүн арттырууга өбөлгө жаралат. Акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен жабдылган клиника ОшМУнун базасындагы экинчи клиника болуп калды.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...