Latest articles

2 мүнөттө заряд алып, 20 жылга жеткен батарея ойлонуп табылды

2 мүнөттө заряд алып, 20 жылга жеткен батарея ойлонуп табылды

Жаңы муундагы батареялар стандарт батареялардан айырмаланып 10 эсе көп убакытка жетет.

Сингапурдагы Наньян технологиялык университетинин окумуштуулары 2 мүнөттө 70%га чейин заряд алуучу уникалдуу батареяны ойлоп табышканын The Strait Times булагы жазып чыкты.

Жаңы муундагы батареялардын дагы бир өзгөчөлүгү алар 20 жылга чейин иштей тургандыгында.

Окумуштуулар жаңы муундагы батареялар өндүрүш тармагында, өзгөчө транспорттун электрдик жабдыктарын чыгарууда жакшы таасир берет деп эсептешет. Ошондой эле, аккумуляторлордун узак мөөнөткө иштеши айлана-чөйрөгө зыян бербейт. Себеби, аккумулятордо колдонулган ион батареяларын тез-тезден алмаштырып турууга туура келчү.

Жаңы батарейкалар эки жылдын ичинде базарга чыга баштайт.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...