Latest articles

Билл Гейтс 21-жолу АКШнын эң бай адамы аталды

Билл Гейтс 21-жолу АКШнын эң бай адамы аталды

Forbes журналынын версиясы боюнча Билл Гейтс 21-жолу АКШнын эң бай адамы аталды. ИТАР-ТАСС булагынын билдиргенине караганда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин байлыгы 81,2 млрд доллар деп бааланууда. Ал 21-жолу АКШнын 400 бай адамдарынын тизмесинин башында келатат.

Forbes журналы март айында 58 жашындагы Билл Гейтсти ааламдын эң бай адамы катарында жазып чыккан. Тизменин экинчи ордунда легендарлуу инвестор Уоррен Баффет келатат. Анын байлыгы 68 миллиард доллар деп айтылууда. Ал бул орунда 2001-жылдан бери түшпөй келатат. Ал эми үчүнчү орунда программалык камсыздоо компаниясынын түзүүчүсү Ларри Эллисон турат. Анын байлыгы 48,6 млрд доллар деп бааланууда. Жакында эле Эллисон корпорациянын башкы директорлук кызматынан кетүүнү жарыя кылган. Forbes журналы 400 кишинин байлыгын 2,29 трлн, 270 млрд доллар катарында баалады.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...