Latest articles

"Сибир жарасына" шектелген кыздын дарт аныктамасы бир аптадан кийин чыгат

Баткен облусуна караштуу Кадамжай аймактык ооруканасына "сибир жарасы" оорусуна шектелип жаткырылган 14 жаштагы кыз керектүү дары-дармектер менен дарыланып жатат. Бул тууралуу Кадамжай аймактык ооруканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыздан тиешелүү анализдер алынып, Ош шаарына лабораторияга жиберилген. Дарт аныктамасы 15-16-сентябрь күндөрү чыгып калат.

Эске салсак, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын 14 жаштагы жашоочусу 9-сентябрь күнү "сибир жарасына" шектелип, ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө Кадамжай аймактык ооруканасында өзүнчө бөлмөдө дарыланып жатат.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...