Latest articles

"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү басма сөзгө айтпоону чечишкен

Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр юристтердин деңгээлинде улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда "ВБ"га "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкаруу төрагасы Токон Мамытов билдирди.

"Азыр юристтер өз ара маалымат алмашып жатат. "Кыргызалтын" сүйлөшүүлөр үчүн эл аралык кеп-кеңешчилерден тышкары Бишкектеги "Калибри" юридикалык компаниясын көмөккө чакырган. Centerra дагы жергиликтүү "Каликова & Ассошиэйтс" юридикалык фирмасынын кызматынан пайдаланып жатат",- дейт Мамытов.

Ал өкмөт сүйлөшүү жүргүзүүгө кеп-кеңешчи катары DLA Piper UK жана Pricewaterhouse Coopers компанияларын жалдаганын эскертти.

Анын берген маалыматына таянсак, Centerra компаниясынын өкүлдөрү 25-30-августта Бишкекте болгон сүйлөшүүлөргө катышкан. "Жолугушуу тууралуу эч нерсе айта албайм, анткени Centerra менен ЖМКга кабарлабоо тууралуу сүйлөштүк",- дейт Мамытов.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура "Кыргызалтындын" мурдагы башчысы Дилгер Жапаровго карата кылмыш ишин козгогон. Тергөөдөгү маалыматка таянсак, экс-башчы "Кумтөрдөн" 200 млн доллар дивидендди чыгарып кетүү тууралуу чечимди директорлор кеңеши менен акылдашпай туруп кабыл алган. Буга Centerra компаниясынын директорлор кеңеши тынчсызданып сүйлөшүүлөрдү аралыктан жүргүзүп жаткан.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...