Latest articles

Бишкекте Кыргызстандын келечегине арналган форум өтөт

26-июлда Бишкектин “Жал” кичи районундагы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы студенттердин шаарчасында “Мекендештер 2014 форуму: Кыргызтандын келечегине кошкон салымы” аттуу форум өтөт. Бул тууралуу окуу жайдан басма сөз кызматы билдирди.

Форумга дүйнөнүн 20 мамлекеттен 200дөй меймандар чакырылган. Булар профессионалдар, ишкерлер, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү. Ошондой эле ага билим берүү, саламаттыкты сактоо, искусство жана маданият өкүлдөрү, студенттер жана активдүү жаштар катышмакчы.

Форумдун алкагында долбоор жана долбоордук идеялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Анда китептер, антология, тасмалар, мультфильмдер, кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары көрсөтүлөт.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...