Latest articles

Т.Сатылгановдун мемориалдык үй-музейин реконструкциялоого 6 млн 250 миң сом сарпталды, - директор Г.Осмонова

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Т.Сатылгановдун мемориалдык үй-музейин реконструкциялоого 6 млн 250 миң сом сарпталды, деп билдирди музейдин директору Г.Осмонова.

Анын айтымында, музей акындын 125 жылдыгына карата 1989-жылдын 5-октябрында ачылган.

«Азыр оңдолуп-түзөлүп жатат. Дээрлик бүтүп калды. Акыркы жумуштар калды, алардын бири - брусчатка төшөө. Биз жумуштарды 20 күндүн арысы-берисинде бүтүрүшүбүз керек», - деди директор.

Ал кошумчалагандай, мемориалдык үйдүн жалпы аянты 7 гектар. Музейде 3 экспозициялык зал орун алган, аларда Токтогул Сатылгановдун өмүрү тууралуу айтылган жана жазылган документтер, экспонаттар бар.

Original url : barakelde.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...