Latest articles

Каниет Жумамүдүнова: Студенттер арасында "чөп" чеккендер көбөйдү

Каниет Жумамүдүнова: Студенттер арасында "чөп" чеккендер көбөйдү

Кара куурай чөбүн ушалап тарткандар жаштар өзгөчө студенттер арасында абдан көбөйдү

Баңгизаттарынан болгон көз карандылык учурда дүйнө жүзүндөгү эң эле көйгөйлүү маселелердин бири. Кыргызстанда ушул тапта 9900 адам каттоодо турса, анын ичинен 667си аялзаты. Бул тууралуу Республикалык наркологиялык диспансердин нарколог-дарыгери Каниет Жумамүдүнова баяндайт.

Баңгиден болгон көз карандылыктан адам өмүр бою чыга албай калат, ал ошол баңгини колдонуп жаткан учурдагы мээдеги жыргал сезимди унута албай кайра- кайра эңсей берет. Ага карата дене бой жактан көз карандылыкта сөөк-муундар, баш ооруп, күнүмдүк жасап жүргөн майда-барат иштерди дагы жасай албай жатып калат. Андай адамдар дененин оорутуусун басыш үчүн жанталашып бардык нерсени жасоого барышат. Адатта уурулук, калп айтуу, ал гана эмес кишини өлтүрүүгө чейин кылмыштарды жасашат. Алар эртеңки күнүн да ойлобостон күнүмдүк жыргалын табуу максатында гана жашап калат.

Баңгиге кантип туш болушат?

Адатта кайгы муңга батып, кандайдыр бир кыйын иш башына түшүп калганда, ага жан тарткан болуп: "тартып көрчү, сайынып көрчү кайгыңды унутуп, бул дүйнө сага жыргал болот" деген сыяктуу сөздөргө алданып калган адам, баңгинин торуна кандайча илинип калганын өзү да билбей калат. Жаңы колдоноордун алдында ал адам: "бир жолу колдонуп койсом көз каранды болбойм" деп ойлойт, бирок эч убакта андай эмес. Бардыгы ошол эле бир жолу колдонуудан кийин эле башталат. Бул жаман адатка болгон көз карандылык күндөн күнгө күчөй баштайт. Ал эми баңги зат саткандар "эгерде сен дагы башка бирөөнү алып келсең, анда мен сага бекер баңги берем" деп да алдай башташат. Ошентип бул чынжыр аркылуу баңгичилердин айлампасы көбөйө берет.

Баңгинин көп түрлөрү бар, айрымдары героиндин күкүмүн жыттап, аны мурундун былжыр чели аркылуу алып жыргалга батышат. Кээси тамеки катары тартышат, кээ бирлери ийне аркылуу сайынышат. Булардын бардыгы тең эле бирдей даражада коркунучтуу, анткени айланып барып эле акыры бардыгы ийнеге "отурушат". Себеби ийне аркылуу баңгинин таасири абдан күчтүү болот. Ошол эле учурда бул абдан коркунучтуу жол, анткени алар көп учурда бир ийнени колдонушат. Баңгичи жанталашып дене оорусун баса албай "ломка" болуп турганда ал ийне кимдики экенин да карабай калат. Ошентип, геппатит, СПИД ж.б. оорулар таркайт. Адатта баңги колдонгон адамдардын өмүрү өтө кыска болот. Анткени баңгизат бүткүл органдарды, муундарды, мээни алсыратып бузат, героин аркылуу инфекция кирип, ийне саюуда абцесске (шишип кетүү) дуушар болушат. Көпчүлүгү ашыкча дозадан көз жумушат. Баңгичилер өтө арык болушат, тамакка болгон табити алгачкы учурларда укмуштай болот. Кандай гана тамак болбосун ылгабай жешет, бирок бир аз убакыт өткөн соң мындай табит басаңдап, таттууга көп басым жасашат.

Таттууну жакшы көргөндөр абайлашы керек

Учурда кара куурай чөбүн ушалап тарткандар жаштар, өзгөчө студенттер арасында абдан көбөйдү. Негизинен баңгичилерди 24 жаштан 45ке чейинки курактагы адамдар түзөт. Мындан жаштар, өспүрүмдөр деле бар. Аларды токсикомандар деп коебуз, мурда алар кытайдын "Момент" деп аталган желимин жыттап жүрүшсө, эми болсо таасири күчтүү "Карп" деген эритүүчү каражатты жыттай баштады. Чөп, шала, канабис тарткандар баштапкы биринчи жумасында тамакты чочко сыңары бардыгын катары менен жеп киришет. Андан бир аз убакыт өткөн соң көңүлү чөгүп, эч кимди сүйбөй, кыжырланып, урушкусу келет. Ошондо ал кайрадан "чөптү" чегип алса, көңүлү ордуна келип, күчүнө күч кошулгандай болуп ишин да көңүлдөнүп жасап калат. Негизинен таттууларга басым жасап калат. Бул белгилердин бардыгы баңгиге болгон көз карандылыктан кабар берет.

Баңгиден кутулуунун жолу оңой эмес, бирок адамдын өз каалоосу болсо жардам берүүгө болот. Анткени бардыгы адамдын өзүнүн ички күчүнөн да көз каранды. Бизге кайрылгандардын алгач дене боюнун көз карандылыгынан кутулуу үчүн тамчылатма дарылар менен тазалайбыз, андан соң мээнин көз карандылыгынан арылтуу үчүн аракеттер жасалат.

Баңги колдонгондордун арасында аялдар дагы бар экени абдан өкүнүчтүү. Бул биринчиден энелер, алар балалуу болушат, натыйжада алар оорулуу бала төрөшөт. Аларга да оору жугузуп алышат. Мындайлар адатта кыз чагында капыстан ошондой кампанияга туш болуп калгандыктан, бир чегип көрүү менен баңгичи болуп калгандар. Биринчиден ата-энелер балдарынын кыздарынын кайда жүргөнүн сурап катуу көзөмөл кылышы керек. Өспүрүмдүн чөйрөсү, достору, классташтары кандай экендигин сураштырып, аныктап коюу да ашыктык кылбайт. Ошондой эле бала менен сырдаш болуу керек, анын жашоосунда эмне өзгөрүү, кандай бурулуш болсо дагы ата-энеси менен бөлүшө тургандай кылып тарбиялоого жетишүү зарыл.

Original url : kyrgyz.vb.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...