Latest articles

Акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасы айтылды

Акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасы айтылды

Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасын айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат сайтында жазылган.

Акы төлөнчү жолго жеңил унаалар километрине 0,56 тыйын, ал эми жүк ташуучу унаалар көлөмүнө жараша 2 сомдон 14 сомго чейин төлөшү ыктымал.

Алдын ала эсеп боюнча, калк жолду эксплуатацияга кеткен каражаттын эң көп дегенде 50 пайызын төлөй алышы мүмкүн. Учурда мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат. Үч аптанын ичинде долбоордун документтери коомчулуктун талкуусуна коюлат.

Эскерте кетсек, Түндүк-түштүк альтернативалык жолу акылуу болушу мүмкүн деп белгиленген. Акы төлөнүүчү жолдор боюнча маселе мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун убагында көтөрүлгөн. Бирок бул багытта иш алып барылган эмес.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...